​“Көк-Бөрү” тасмасы тартылат

15-Фев. 2018, Бейшемби, 16:58

“Салам Нью-Йорк”,”Апамды издейм” кино тасмаларынын режиссёру Руслан Акун кыргыздын улуттук оюндарынын сап башында турган “Көк-Бөрү” тууралуу тасма тартат. Бул тууралуу тасманын менеджери Эрмек Маматов Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда тасмага тартыла турган актерлор тандалып алынууда.

“Тасманы тартуу иштери май айында башталат. Азыркы тапта актерлордун үстүнөн иштеп жатабыз. Казакстандык каскадерлор дагы тартылышмакчы. Кинодо экшн, трюк, спецээффектер колдонулуп, улуттук оюндун чыныгы каардуу оюн экени баяндалат”,-деди Маматов.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!