Бардык убактын мыкты актрисасы аталды

16-Фев. 2018, Жума, 16:32

Көч башында "Дьявол носит Prada", "Крамер против Крамера", "Мамма Mia!" жана башка филмдердин аткаруучусу америкалык актриса Мэрил Стрип аталды.

Белгилүү кино сынчы Питер Брэдшоу «Мыкты актриса» номинациясында «Оскарга» ээ болгон бардык убактын беш мыкты актрисаларынын тизмесин түзгөн. Америкалык актриса Мерил Стриптин аты тизмеде башкы сапта орун алган. Рейтингди “The Guardian” басылмасы жариялады.

Стрип үч ирет Америка академиясынын сыйлыгынын лауреаты аталды. Актрисанын мыкты иши деп Брэдшоу «Выбор Софи» фильминдеги ролун атады.

Тизмеге андан сырткары Элизабет Тэйлор ("Клеопатра"), Ингрид Бергман ("Газовый свет"), Джоан Фонтейн ("Подозрение"), жана дагы Фрэнсис Макдорманд ("Фарго") кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!