Селена Гомез тасмада роль аткарат

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:39

Америкалык ырчы Селена Гомес Роберт Дауни-кичүүнүн «Путешествие Доктора Дулиттла» тасмасында роль аткара тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу «Variety» маалымат булагы билдирет.

Роберт Дауни-кичүү башкы ролду аткарат. Фильмде Антонио Бандерас менен Майкл Шин да катышат. Режиссер Стивен Гейган, «Трафик» фильминде “Оскар” сыйлыгынын жеңүүчүсү. Ошондой эле, ал Том Шеппарддын фильмине сценарийди кайрадан жазып чыккан.


Фильм Хью Лофтингтин 1920-жылы жазылган китебине негизделген. Баш каарман дарыгер Дулиттл, жаныбарларды дарылаганды жактырат, анткени ал алар менен сүйлөшө алат.

Фильмдин премьерасы 2019-жылдын 12-апрелинде жарыкка чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!