"Кара Пантера" "Дэдпулду" ашып түштү

20-Фев. 2018, Шейшемби, 10:06

Картина АКШда гана өткөн жумада 192 миллион доллар тапты. Ошондой эле "Кара Пантера" ("Черная пантера") тасмасы “Тарыхтагы мыкты дем алыш” номинациясында бешинчи орунга илинди.

«Супергерой» боевиги көрсөткүч боюнча Дэдпулдан (132,4 миллион долларга) ашып кетти. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты “Business Insider”ге шилтеме берип кабарлайт.

Дүйшөмбү күнү АКШда «Президент күнүн» белгилегендигине байланыштуу бул күн эс алуу күнү болот, буга карата фильм 218 миллион доллар табышы мүмкүн.

Чет өлкөдө фильм 192 миллион доллар жыйнады. Ошентип, картинанын жалпы жыйынтыгы 360 миллион долларга жетти.

Ал эми сынчылардын баасы боюнча, “Metacritic” сайтында тасма орточо 88 упайга ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!