“Мегатой” тасмасынын уландысы тартылат

2-Март 2018, Жума, 18:35

Көпчүлүк кино сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун аттырган “Мегатой” тасмасынын уландысы тарт. Бул тууралуу тасманын режиссеру Сүйүн Откеев билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү киного тартыла турган актерлорго жана актрисаларга сынак жарыяланмакчы.

Кошумчалай кетсек, аталган тасма 2016-жылы тартылган. Сюжетте режиссердун тааныштарынын чыныгы жашоодо болгон тойдогу ар түрдүү кырдаалдары тууралуу баяндалат. Анда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актерлору ойношкон.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!