«Оскар» сыйлыгына кимдер ээ болот?

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:07

Кечээ, тагыраак айтканда 4-марттан 5-мартка караган түнү кино тармагында жылдын башкы окуяларынын бири – «Оскар» сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Оскар сыйлыгын тапшыруу иш-чарасы, салт боюнча февраль айынын акыркы жумасында өтмөк эле. Бирок, Кореяда Кышкы Олимпиада оюндарынын башталуусуна байланыштуу бул салтанатты кийинкиге калтырууга туура келген. Бул тууралуу Интернет желесиндеги маалыматтарда кабарланууда.

Бул жылкы салтанаттуу иш-чара 90чу болгондугуна байланыштуу быйылкы номинанттардын аркасында өзгөчө болууда. Алардын бири – «Мыкты режиссер» сыйлыгы боюнча алтын статуеткага үмүткер катары сунушталып жаткан Грета Гервиг. Грета, адатта, эркектер номинациясы болуп саналган режиссура тармагы боюнча номинант болуп турган бешинчи режиссер. Голливуддун башкы сыйлыгы «Мыкты режиссер» номинациясын алгачкы жолу 1977-жылы Лина Вертмюллер ээ болгон.

«Мыкты оператор» атагы үчүн Оскардын тарыхында биринчи жолу аял киши багын сынап жатат. Бул – «Мадбаунд» фермасы» аттуу картинанын оператору Рейчел Моррисон. Мыкты даректүү фильм катары трансгендер Янс Форд «Оскар-2018» сыйлыгына номинат катары жарыяланды. Янс Форд өзүнүн жынысын өзгөрткөнү тууралуу ачык айтканы үчүн сыйлыкка үмүткер болуп жатат. Жалпысынан, Голливудда бир жыныстуулар тууралуу махабатты көрсөтүү бүгүнкү күндүн өзөктүү темасына айланууда.

Ал эми «Мыкты фильм» номинациясы боюнча «алтын адамга» ээ боло турган номинанттарды тизмесин карай турган болсок алар: «Зови меня своим именем» (режиссеру – Лука Гуаданьино), "Темные времена" (режиссеру – Джо Райт), «Дюнкерк» (режиссеру – Кристофер Нолан), «Прочь» (режиссеру – Джордан Пол), «Леди Берд» (режиссеру – Грета Гервиг), « Секретное досье» (режиссеру Стивен Спилберг), “Форма воды” (режиссеру – Гильермо дель Торо), “Три билборда на границе Эббинга, Миссури” (режиссеру – Мартин МакДонах).

Эскерте кетсек, Гильермо дель Тороның «Форма воды» аттуу картинасы 13 багыт боюнча Оскарга үмүткер болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!