“Кара Пантеранын” кирешеси миллиарддан ашты

13-Март 2018, Шейшемби, 11:43

“Кара пантера” картинасы чыккандан бир ай өткөндөн кийин авторлоруна миллиард доллар алып келди. Кирешенин көпчүлүк бөлүгү АКШда чогулду. Бул тууралуу “Box Office Mojo” маалымат булагына шилтеме берип “korrespondent.net” сайты жазып чыккан.

Сайттын маалыматы боюнча, “Кара пантера” АКШда 562 миллион доллар чогулткан. Ал эми дүйнөлүк прокатта 516 миллион.

Жакында эле фильмдин бет ачаары Кытайда өттү жана азыркы учурга чейин ал жактан 66,5 миллион доллар тапты.

Белгилүү болгондой, тасма көрөрмандардын көптөгөн пикирлерин ала алды. Ошол эле учурда сынчылар картинага оң бааларын беришти. “Metacritic” агрегатор-сайтынын баасы боюнча тасма Оскардын жеңүүчүсү болгон "Формула воды” фильмине караганда жогору.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!