«Marvel» «Кара Пантеранын» уландысын тартабы?

14-Март 2018, Шаршемби, 12:00

Дүйнөлүк кассаларда миллиард доллардан ашык киреше тапкан «Кара Пантера» фильми ийгиликтүү болгондон кийин, «Marvel» студиясынын башчысы Кевин Фейк уландысын тартаары тууралуу билдирди. Бул тууралуу “THR” маалымат булагы кабарлайт.

«Биз милдеттүү түрдө сиквелди тартабыз. Уландысы кандай болоорун азырынча айта албайм, бирок ал сөзсүз түрдө болот. Азыр биринчи бөлүктүн толук курамы уландысы кандай болот деген суроонун үстүндө кыялданып отурабыз. Бизде идеялар көп жана мыкты курам топтолду”, - деди продюсер.

Эскерте кетсек, биринчи бөлүктүн режиссеру Райан Кугллер болгон. Башкы ролдордо Чедвик Боузман, Майкл Джордан жана Люпита Нионго аткарышкан.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!