Грета Гервигдин экинчи режиссерлук иши

20-Март 2018, Шейшемби, 15:47

«Оскардын» беш номинациясына илинген, «Алтын глобустун» төртөөнө үмүткер аталган, экөөсүн жеңип алган «Леди Бёрд» («Lady Bird») – жуманын башкы премьераларынын бири. Бул карьерасын актриса болуп баштаган Грета Гервигдин экинчи режиссерлук жумушу. Башкы ролдо – жаш, таланттуу актриса Сирша Ронан.

Негизги сюжети Кристина МакФерсон аттуу Сакраментонун конвервативдүү католик мектебинде чоңойгон секелек кыз туралуу болмокчу. Ал изденүүдө бул дүйнөдөгү ордун тапкысы келет жана башкаларга окшогусу келбейт. Кыз өзүн Леди Бёрд деп атап, башкалардан да ушул ат менен атоосун суранат. Анын башкы кыялы - провинциядагы мекенинен кетип, Нью-Йоркто билим алуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!