Эң мыкты кинотеатрлар кайда жайгашкан?

24-Март 2018, Ишемби, 14:18

Кытайдын Ухань шаарында өзгөчө кинотеатр бар. Бир көргөндө жардыруудан калган жер сыяктуу таасир калтырат. Дубалдары менен фойе, аудитория жана акустикалык такталардын баары кандай болсо ошондой салынган. Дизайнер Вирджиний Лунг Голливуддун кымбат кинолорун тартуу үчүн атайы талкандалгандай таасир калтыруу башкы максатыбыз дейт. Бул тууралуу “CNN” агенттиги билдирет.

Кытайдагы кинотеатрлардын саны АКШдагы көрсөткүчтөн ашып түшөт. Ошондуктан көпчүлүктүн көңүлүн табуу өтө кыйын. Лунгдун айтуусу боюнча, Кытайдын бир көчөсү менен келе жатсаңыз, үч же беш кинотеатрды жолуктура аласыз.

Дизайнер Лунг Гонконг жана Кытайдын башка дагы шаарларындагы 60 театрдын дизайнын жасоого катышкан. Ал эми анын бул “immersive” стилиндеги кинотеатры көпчүлүккө жаккан сыяктуу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!