“Кош келиңиз, президент мырза!” тасмасы көрсөтүлөт

27-Март 2018, Шейшемби, 22:55

29-мартта саат 10:00дө “Манас” кино театрынын чоң залында “Кош келиңиз, президент мырза!” деген аталыштагы тасманын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Zaman.kgге “Тазар” кино компаниясынан билдиришти.

Тасманын режиссеру-Темир Бирназаров. Ролдордо: Токтосун Арзыгулов, Мурат Мамбетов, Сайрабүбү Мырзалиева, Эген Чалабаев, Жеңишбек Кангелдиев, Асылбек Өзүбеков, Аскат Сулайманов, Бакыт Мукул.

Тасманын кыскача синопсиси боюнча өзүнүн өлкөсүн таштап качкан президент кайрадан мекенине кайтып келүү үчүн келбетине пластикалык операция жасатып, жаңы документ алып өз жерине кайтып келет. Экс-ажо Кыргызстанда ар кандай окуяларга дуушар болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!