Казак режиссерунун «Райондор» тасмасы (трейлер)

4-Май 2017, Бейшемби

Бишкекте 25-майдан тарта казакстандык режиссер Акан Сатаевдин «Райондор» тасмасынын бет ачаары болот. Фильмдын жанры криминалдык драма. Оператору - КРнын эл артисти Хасан Кадыралиев.

Тасмада 1987-жылдары Алма-Ата шаарында болгон окуя баяндалат. Башкы каарман 16 жаштагы Арсен шаардын борборунан анын чет жакасына көчүп, жаңы мектепке барат. Анын классташы ал райондун жигердүү окуучулардын бири болгондуктан ал жашаган аймакка Арсен туш болуп калат. Өспүрүм зомбулукка дуушар болуп ар кандай күндөрдү башынан өткөрөт.

Актерлор: Эльтерес Нуржанов, Шарип Серик, Нурик Калдыбеков, Сануржан Сулейменов, Владимир Логинов, Марйам Сатаева, Женис Омаров, Асель Сагатова, Жандос Айбасов, Азиз Бейшеналиев, Жанна Куанышева, Гульнар Дусматова.

Акан Сатаев «Sataifilm” киностудиясынын негиздөөчүсү. Казакстандын кино индустриясында 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча эл тарабынан добуш берилип “Элдин сүймөнчүлүгү” наамы ыйгарылган. 2016-жылы эки толук метраждуу тасмасы жарык көргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!