"Кентавр" тасмасы Астанада эки сыйлык алды

29-Июль 2017, Ишемби

28-июлда Астанада өткөрүлгөн XIII “Евразия” Эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Алты күнгө созулган иш-чарада бардыгы болуп 296 тасма көрсөтүлүп, соңунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Кинофестивалдын негизги конкурсунда 13 толук метраждуу жана 30 кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Ага 200дөн ашуун чет элдик кино ишмерлери чакырылды. Анын арасында режиссер Садык Шер-Нияз дагы чакырылган. Калыстардын чечими менен белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “Мыкты режиссерлук иш” наамын жана “НЕТПАК” сыйлыгын жеңип алды.

“Кентавр” өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма. Фильмде Актан Арым Кубат башкы ролду ойнойт. Мындан тышкары, тасмага Болот Тентимишов, Таалайкан Абасова, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!