"Аватар 2"ден алгачкы сүрөттөр жарыяланды

29-Сен. 2017, Жума, 17:12

Жакында тартыла баштаган "Аватар 2"нин кадрларына катышкан кичине актерлордун алгачкы сүрөттөрү жарыяланды.

Киного эксперименталдык көз караштарды киргизүүнү жактырган Жеймс Кэмерон жетектеген "Аватар" тасмасы 2009-жылы көрүүчүлөр сунушталганда кино тармагына жаңылык киргени шексиз. Кандай өзгөрүүлөр болгону талкууланып жаткан ушул мезгилдерде көзгө тагынган 3D көз айнектерин мисал келтирүүгө болот. Бул 2009-жылдагы чоң ачылыш болгон.

Кино технологиясы акыркы он жылда өнүксө да "Аватардын" кинодогу орду дале теңдешсиз. Уландысы "Аватар 2"ни тартуу иштери көп убакыттан бери кечиктирилип келсе, жакынкы күндөрдө жандана баштады.

"Аватар 2" жана 3 тартылып бүтсө тасмалар кезеги менен 2020-2021-жылдын аяктарында көрүүчүлөргө сунушталарын айткан Жеймс Кэмерон "Аватар 4" дароо тартыларын, 2024-2025-жылы бет ачары болорун белгиледи. Булардын бардыгы учурда жазылып бүткөнүн айткан режиссер 10 жылдык аракет планын ишке ашыргандай көрүнөт.

Кадрларында Зои Салдана, Сигурни Уивер , Уна Чаплин, Сэм Уортингтон, Стивен Лэнг жана Клифф Кёртис аттуу оюнчулар катышкан фильмде аларды жаш курактарына жараша кичине актерлор коштойт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!