Кыргызстанда өтүп жаткан Өзбекстандын маданият күндөрүнүн алкагында Бишкектеги "Октябрь", Оштогу "Сейтек" кино театрларында 6-7-октябрда Акбар Бектурдиевдин «Ойкиз эртаги» тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Өзбекфильм» киностудиясы тарабынан тартылган тасма 2016-жылы жарык көргөн.
«Ойкиз эртаги» тасмасы экшн жана фэнтези жанрында тартылган. Мында падышачылык доордогу окуялар баяндалат. Кандуу кармаштар дагы көрсөтүлгөн.
Режиссеру: Акбар Бектурдиев.
Фильмде башкы каармандын ролун Йигитали Мамажонов, Юлдуз Ражабова, Алихан, Маъруф Отажонов, Дилбар Икромова, Хайрулла Сайдиев аткарган.