Белгилүү актриса Сон Хе Ге турмушка чыкты

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:02

Түштүк Кореялык белгилүү актриса Сон Хе Гё актёр Сон Чжун Киге турмушка чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.

Эки жаштаны үйлөнүү тою 31-октябрда өткөрүлдү. Быйыл 36 жашка чыккан Сон Хе Ге тасмаларда чогуу тартылган кесиптеши 32 жаштагы Сон Чжун Ки экөөнүн үлпөт тоюна жакын достору, туугандары катышты.

Жубайлар буга чейин “Күн урпактары” телесериалында чогуу ойноп, алардын бири-бирине болгон жылуу сезими ошол тасмадан кийин пайда болгон. Кийин алардын мамилеси сүйүүгө айланган.

Эскерте кетсек, Сон Хе Ге чыгармачылык жолун 1996-жылы “Бакыттуу күн” телесериалында тартылуу менен башталган. Кийин “Жүрөгүмдө калган күз” телесериалынын кийин элге кеңири таанылган.

Ал эми Сон Чжун Ки “Сонгюнгвандагы жаңжал”, “Күн урпактары” тасмалары аркылуу элге белгилүү. Бул тасмалардан улам Түштүк Кореядагы эң мыкты актерлордун катарын толуктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!