​“Сулайман-Тоо” тасмасы баш байгени багынтты

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:34

Россиялык режиссер Елизавета Стишованын “Сулайман-Тоо” тасмасы Кытайдын Пиньяо шаарында өткөрүлгөн “Сыйкырдуу жолборс, жашынган ажыдаар” аттуу эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толгондуктан, анын негизинде кинофестивалды эң жогорку наамга татыган. Жалпы кинофестивалга АКШ, Франция, Кытай жана Аргентина жана башка өлкөдөн 40 дан ашуун тасма келип түшкөн.

“Сулайман-Тоо” тасмасы Ош шаарынын так ортосунда орун алган “Сулайман-Тоо” тууралуу тартылган. Бул жер жиргиликтүү тургундар үчүн сыйынуучу жай болгондуктан жайдан элдер ден соолук, бакыт жана сүйүү суранышат.

Балдар үйүнөн куткарылган Улук аттуу бала өз үй-бүлөсүнүн бактылуулугун суранат. Алар эскилиги жеткен оор жүк ташуучу унаа менен көчүп-конуп жашагандыктан Улук эки аял алып алган атасы Карабастын мээрими үчүн күрөшөт.

Тасмада учурдагы замандыгын чындыгы менен байыркы каада-салттардын айкалышып, анын негизинде каармандардын жашоосу баяндалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!