​Жаңы киного кастинг жарыяланды

13-Март 2018, Шейшемби, 16:56

Кинорежиссер, актер Мирлан Абдыкалыков жакында тартыла турган тасмага 13-14 жаштагы балдар жана кыздар арасында кастинг жарыялады. Бул тууралуу Абыкалыков Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, тасмага айыл жеринде тартылгандыктан, айыл жергесинде жашаган балдар кабыл алынмакчы.

“Окуя айыл жергесинде болгондугуна байланыштуу, бул тасмага айылдык тыӊ, чыйрак балдар менен кыздар талап кылынат. Ошондуктан, келечекте тартыла турган тасмага шаардын чет жагынан балдар-кыздарды карап жатабыз. Өзгөчө, бул жагы Каракол ар жагы Алай тараптан туугандарыӊыздардын таланттуу, зендүү, киного ылайыктуу балдар-кыздары бар болсо, бизге +996 552 506-507 номери аркылуу whatsAppка сүрөттөрүн жиберсеӊиздер жакшы болмок”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!