Кыргызстан Казандагы фестивалга катышат

22-Март 2018, Бейшемби, 23:30

Кыргызстандык кинематографисттер Казанда өтө турган эл аралык кино фестивалга катышмакчы. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кинофестивалга Россия, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан дагы катышмакчы.

Фестивалдын максаты түрк дүйнөсүндөгү мыкты тасмаларды жайылтуу жана өз ара кино тармагында кызматташтыкты арттыруу болуп эсептелет. Ар бир фестиваль кезеги менен башка өлкөлөрдө өтүп турмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!