Айсулуу Тыныбекова канча медаль алды?

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасында лидери, Азиянын 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова ушул жылдын май айындагы расмий турнерлерде эки алтын байгени утуп алган.

Алсак, 13-майда Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын тагынса, 21-майда Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам тилектештигинин оюндарында дагы алтын байгени утуп алган.

Бул медалдар менен Тыныбекова күрөш боюнча бардык расмий турнирлерде 24 медаль алууга жетишкен. Анын 7 алтын, 9 күмүш, 8 коло. Мындан тышкары Риодо өткөн олимпиада оюндарынада 5-орунга ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!