Ашхабадда Азия оюндары ачылды

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:42

17-сентябрда Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда спорт оюндары жана мушташ өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары салтанатуу ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Олимпиада оюндарынын Азия боюнча кеңешчисинин президенти шейх Ахмат Аль-Фахад Аль Сабах.

“Ашхабад 2017” оюндарынын ачылышына 7500 артист катышты.

Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат.

Түркмөн бийлиги бул иш-чарага жалпы 10-15 млрд доллар короткону айтылууда.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Азиа оюндарына 62 өлкөдөн 5500дөй спортчу катышып жатат.

Мелдештин алгачкы күнүндө кыргызстандык спортчу Ариет Бекишев коло тагынды.

17-сентябрда башталган V Азия оюндары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!