​29-март: тоолуу райондордо кар жаайт

28-Март 2018, Шаршемби, 16:29

29-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!