Ош шаарынын көчөлөрүн суу каптады (фото)

29-Март 2018, Бейшемби, 12:32

Ош шаарында мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин бир нече көчөлөрдү жана короолорду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 28-мартта Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү № 3, Зайнабединова көчөсүндөгү № 17, Курманжан-Датка көчөсүндөгү № 244 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн подъездерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптагандыгы айтылат. Жабыркагандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!