​Жалал-Абадда суу ташкындоо коркунучу жаралды

29-Март 2018, Бейшемби, 13:56

Жалал-Абад облусунда суу ташкындоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагында 28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кетип суу ташкындоо коркунучу жаралгандыктан өзгөчө кырдаал киргизилди.

Учурда аталган аймактагы Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана 100гө жакын турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Министрликтин адистери техникалар менен жана жергиликтүү 30 тургун дарыянын жээгин бекемдеп жатышат.

27-28-марттагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!