​Чет өлкөлүктөрдүн аңчылыгынан 61 млн. сом түшкөн

31-Март 2018, Ишемби, 11:39

Кыргызстан 2017-жылы чет өлкөлүктөрдүн аңчылык кылуусунан 61 млн. сом киреше түшкөн. Бул тууралуу 30-мартта КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда белгилүү болду.

Талкуу учурунда биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин маалыматына ылайык 2017-жылдын жыйынтыгында малчылар карышкырдан 30 млн. сом зыян тарткан. Бул албетте, 30 млн. сом элеттиктер үчүн чоӊ чыгаша деп билдирди.

Ал эми Чыныбай Турсунбековдун айтымында 30 млн. сомдук чыгым расмий гана маалымат, көп малчылар эч жакка кайрылбайт. Калктын карышкырдан тарткан чыгымы 60 млн. сомго чамалап барат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!