Бөтөлкөлөшүн өлтүргөн жаран кармалды

4-Апр. 2018, Шаршемби, 16:07

Бишкек тургунун бычактап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-апрелде, болжол менен саат 03:30 чамасында окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, эки эркек киши спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кеткен. Чатак ырбап, жаран экинчи кишини, бычак менен башка жана ичке сайган. Бычак жеген жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!