Ресторанда уулануунун себеби аныкталды

5-Апр. 2018, Бейшемби, 12:43

Бишкекте ресторанда жапырт уулануунун себеби аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги борбордук санитардык-эпидемиологиялык борбору билдирди.

Маалыматка караганда, “Ала-Тоо” ресторанында даярдалган тай рецепти боюнча тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Анда тоок этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Санитардык кызмат уулануу себебин жок кылуу үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!