​Окуучу кыз өз өмүрүн кыйды

6-Апр. 2018, Жума, 10:02

Талас облусунун Кара-Буура районунда 10-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-апрель күнү Кара-Буура РИИБине өзүн-өзү асып өлтүрүү фактысы катталган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу өз өмүрүнө кол салган кыз Кызыл-Адыр айылынын 17 жаштагы тургуну экенин аныктаган.

Учурда өлүмдүн келип чыгуу себептери такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!