​Соттук-укуктук окутуу боюнча тренерлер окутулду

13-Апр. 2018, Жума, 10:58

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында окутуу боюнча тренингке катышкан 44 тренерге Ички иштер министринин орун басары К. Асанов сертификат тапшырды.

2018-жылдын 11-апрель күнү Бишкекте өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде мамлекеттик түзүмдөргө арналган тренингдердин аяктаганына байланыштуу, Тренингдерди өткөрүү жана окутуу планын талкулоо” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Бул тегерек стол Кыргызстандын мыйзамдарын “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексин, жоруктар жөнүндөгү кодексин, кылмыш-процессуалдык кодексин, кылмыш-аткаруу кодексин күчүнө келтирүү, андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буюрмасын аткарууну” ишке ашыруу боюнча Иш-чараларынын мерчеминин окуу бөлүмүн натыйжалуу колдонуу максатында уюштурулду.

Ички иштер министиринин орун басары Курсан Асанов өз сөзүндө: “Бүгүн баарыңар менен жолукканыма кубанычтамын. Ошондой эле, мамлекеттик түзүмдөр үчүн “Сорос-Кыргызстан” фондунун Укуктук программасынын колдоосу менен уюштурулган Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан соттук реформа боюнча тренинг үчүн өнөктөштөргө, ИИМдин жетекчилигинин жана түзүмдөр аралык жумушчу тобунун атынан ыраазычылыгымды билдирем”,-деди.

Иш-чаранын аягында, К. Асанов 44 тренерге сертификат тапшырды.

Эскерте кетсек, жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде “Сорос-Кыргызстан” фондунун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган тренингдер 2017-жылдын октябрынан башталып, 2018-жылдын март айында аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!