​Жол кырсыгынан жаш кыз каза болду

13-Апр. 2018, Жума, 14:20

Каракол шаарында жол кырсыгынан 22 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 13-апрелге караган түнү саат 3.00дөр чамасында болгон. Анда Audi-100 үлгүсүндөгү унаа тосмону сындырып өтүп бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 27 жаштагы айдоочу менен ошол жерден өтүп бараткан 22 жаштагы кыз жабыркаган. Дагы бир кыз көз жумган.

Укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды.

Каза болгон жарандын аты-жөнү такталып жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!