​14-апрель: күн ачык болот

13-Апр. 2018, Жума, 15:38

14-апрелде жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24

Ош облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27

Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27

Бишкек шаарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым жердерде 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 25…27 градус жылуу.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!