​15-апрель: Кыргызстанда күн ачык болот

14-Апр. 2018, Ишемби, 15:35

15-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Нарын жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Ош обулусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Жалал-Абад обулусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Баткен обулусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында абанын түңкү тампературасы 8…10 градус болсо, күндүз 25…27 градуска көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!