​16-20-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт

14-Апр. 2018, Ишемби, 15:44

Бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөрлөп жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, тоолуу аймактарда жана Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Күндүз абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында 10…15 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 13…18 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында абанын температурасы +8…+13 градуска жетет.

Маалым болгондой, 16-20-апрелде өлкөнүн түштүгүндө дарыялардын деңгээги көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралат. Унаа жолдоруна көчкү түшүшү ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!