​Кырсыктан жөө адам каза болду

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:57

Нарында жол кырсыгынан жөө бараткан 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 15-апрелде саат 20:00дөр чамасында болгон. Анда Кочкор районунун Ак-Жар айылында Audi үлгүсүндөгү жеңил унаа алгач жөө жүргүнчүнү, кийин бакты сүзүп алган. Жол кырсыгынын натыйжасында 44 жаштагы жөө бараткан жаран окуя болгон жерде каза болгон, ал эми 58 жаштагы айдоочу жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!