​Айдоочу балдарды сүзүп качып кеткен

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 13:58

12-апрелде, саат 16:50 чамасында Беловодск айылынан айдоочу үч баланы койдуруп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочу төрт, алты жана жети жаштагы балдарды сүзүп окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыкка кабылган балдар ар кандай жарат алып, аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 64 жаштагы жаран кармалып, кылмышты толук мойнуна алган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!