​Айбек Калиев камакка алынды

18-Апр. 2018, Шаршемби, 17:03

“Улуттук энерго холдинг” компаниясынын мурунку жетекчиси коррупцияга аралаштыгы болгон деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо долбоору учурунда коррупциялык иштерге аралашканы үчүн “Улуттук энерго холдинг” компаниясынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев бүгүн, 18-апрелде кармалды.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Тергөө иштери уланууда.

Эске кетсек, 10-апрелде Айбек Калиев “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын жетекчилигинен бошотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!