​19-апрель:мезгил-мезгили менен жаан жаайт

18-Апр. 2018, Шаршемби, 17:17

19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн басымдуу аймактарында үшүк жүрүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…13;

Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 0…-2, күндүз 10…15;

Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Ошто түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Ал эми Бишкек шаарында 19-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!