​2-май: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

2-Май 2018, Шаршемби, 10:32

2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кар күрткү түшүү коркунучу бар.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ош облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Бишкек шаарында 2-майда түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20 градус жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!