​Өрт төрт үйдү жалмады (фото)

2-Май 2018, Шаршемби, 11:45

Ош шаарында төрт үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 30-апрелде болжол менен саат 13:20 чамасында чыккан. Анда Ош шаарындагы Фурманов көчөсүндөгү эки үй, Пичугина көчөсүндөгү бир үй жана Куйбышев көчөсүндөгү бир үй күйүп кеткен.

Өрт саат 14:50дө чектөөгө алынып, кечки саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгым такталууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!