​Унаа 10 жашар баланы жана 64 койду сүзүп кетти

2-Май 2018, Шаршемби, 12:32

Жеңил унаанын айдоочусу 10 жашар баланы жана 64 койду сүзүп кеткен. Бул тууралуу ИИМи билдирди.

Маалыматка караганда, 1-майда кырсык Ош облусунун Кара-Суу районун аймагында болжол менен саат 21:00 чамасында, Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунун 41-чакырымында катталган.

2008-жылы туулган бала оор жаракат алып ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!