​5-майга карата аба ырайы

4-Май 2018, Жума, 16:41

5-майда тоо этектериндеги аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында 14 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26;

Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;

Ош облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;

Нарын обласында түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!