​ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

4-Май 2018, Жума, 16:55

6-7-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа каттамына, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайытта мал багууга жолтоо болот.

6-7-майда нөшөр жаанга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!