​7-май: тоолу райондордо кар жаашы мүмкүн

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 09:47

7-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Ош облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!