​Автобекетте бычакталган жаран каза болду

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 17:26

Чыр өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун автобекетинде автобус күтүп отурган эки жигиттин ортосунда жаңжал чыгып, бири экинчисин бычактап салган. Алар Арстанбап айылынын тургундары болгон.

Бычактан каза болгон жигит 19 жашта. Аны өлүмүнө себепчи катары 24 жаштагы шериги кармалды.

Учурда кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылып, окуя иликтенип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!