11-май: күн +35 градуска чейин ысыйт

10-Май 2018, Бейшемби, 15:02

11-майда Кыргызстандан жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27;

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;

Ош облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +32…+34 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!