Кытайдын түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан Кыргызстандын эки жараны мекенине кайтарылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай кадам эки өлкө ортосунда 2012-жылы түзүлгөн
"соттолгон адамдарды өткөрүп берүү" боюнча келишимдин алкагында ишке
ашты.