Министр согуш ардагерлеринен кабар алды

4-Май 2017, Бейшемби

Бишкек шаардык улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, ооруктун кызматкери жана согуш ардагерлеринин жесирлеринен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кабар алып, 9-май майрамына карата белектерди тапшырды.

Министр Таалайгүл Исакунова "бүгүнкү заманды алып келген Улуу Жеңиште Сиздердин эрдигиңиздер чоң",- деп белгиледи карылар үйүндө күн кечирип жаткан согуш ардагерлерине.

“Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм. Бизге, биздин балдарыбызга ушул тынчтык заманды алып келген Сиздерге таазим. Аны менен бирге келечек муундар үчүн Сиздердин эрдигиңиздер ар дайым үлгү болууга тийиш”,-деди министр.

Аталган мекеменин жетекчиси Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, бул жерде турмуштун ар кандай сыноолорунан улам келген согуштун алты ардагери жашайт.

Быйыл Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын 640 согуш ардагери тосот. Министрликтин маалыматына караганда бир айдын ичинде эле жети согуштун ардагери кайтыш болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!