Жол кырсыгынан германиялык турист каза болду

27-Июнь 2017, Шейшемби

Нарында жол кырсыгынан германиялык турист каза болду. Бул тууралуу Нарын областынын ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 25-июнда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу унааны башкара албай калып жакын жерде бара жаткан туристердин тобун тебелеп кеткен. Кырсыктын жыйынтыгында германиялык саякатчы каза болгон. Экөө жаракат алып аймакты ооруканын хирургия жана реанимация бөлүмдөрүнө жеткирилген. Айдоочуда ооруканада.

Милиция бөлүмүнүн билдиргени боюнча айдоочу спирт ичимдигин ичкен эмес. Учурда кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!