Бал жарманкесине баш багыңыз!

11-Авг. 2017, Жума

Бүгүн, 11-августтан баштап борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда бал жарманкеси ачылды.

Ага Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген балчылар быйылкы сезондо өндүрүлгөн бал продукцияларынын көп түрүн кардарларга сунуштоодо.

Бал базар наркынан төмөн баада сатылып, ардагерлерге арзандатуу каралган. Жарманкеге келгендердин өңчөй бөлүгүн улуу муундагылар түзөт.

Иш-чара 20-августка чейин уланат. Бал жарманкеси жылына 3-4 ирет уюштурулат.

Төмөндө бал жарманкесинен тартылып алынган ирмемдерди сунуш этебиз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!