Чуулгандуу видеодогу баланын жагдайы

18-Авг. 2017, Жума

14-августта интернетте келин кайын энесинен баланы алып кетүү үчүн барганда тартылып алынган видео коомчулуктун талкуусуна кабылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев “ZAMAN.KGге” билдиргендей, видео тартылган күндүн эртеси бала апасына тынч өткөрүлүп берилген.

Анын айтымында, окуя Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагындагы айылдардын биринде болгон. Анда ыйлаган баланы машинага күчтөп салып кетишкен кадр тартылып, социалдык желелерде тарап кеткен.

Видеотасмадагы О уулу А аттуу бала 2007-жылы 12-февралда Кара-Кулжа районунун Кеӊеш айылында туулган. Бала 2008-жылдан бери чоӊ энесинин колунда тарбияланган. Мындан сырткары бул баланын 2008-жылы туулган карындашы жана 2016-жылы туулган иниси апасы менен бирге жашары маалым болду. Атасы М.Орозалиев 2016-жылы 14-июлда автожол кырсыгынан каза болгон. Атасы каза болгонго чейин апасы экөө Россияда эмгектенип жүргөндүктөн О уулу А чоӊ энесинин колунда тарбияланган. Апасы Россияда иштеп жүрүп балдары үчүн үй салып, болгон шартты түзгөндөн соӊ балдарын чогуу тарбиялап өстүрүү максатында чоӊ баласын сурап кайын энесине барганда, чоӊ энеси бербей койгон. Ошондон кийин мыйзам чегинде сотко кайрылган. Сот балдарды тарбиялап өстүрүүдө апасы (1982-жылы туулган Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын жашоочусу Э.Таштутованын) үйүндө кандай шарттар түзүлгөндүгүн ар тараптуу иликтеп чыгып, баланы апасына берүү чечимин чыгарган. Соттун чечимин аткаруу максатында сот аткаруучу, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясы менен биргеликте барышып, түшүндүрүү иштерин жүрүзүшүп баланы апасына кайтарышкан.

Видео тасмадагы бала ыйлаган учур мурда тартылгандыгы маалым болгон. Учурда бала апасы менен жакшы шартта жашап жатат. Каалаган учурда чоӊ энеси менен көрүшө алат. Тиешелүү кызматтар балдардын турмушунан кабар алып турушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!